Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Deepfake  деген эмне?

23.06.2021 • 18:31

«Интернет» тармагында бир аз убакыт мурда жаңы көрүнүш пайда болду - дипфейк (deepfake), жасалма интеллект технологияларын пайдалануу менен ар кандай мазмундагы видеоматериалдарга белгилүү адамдарын бети жана үнү жабыштырылып жасалган контент. Келгиле, Deepfake деген эмне, мына ушул туурасында сөз кылалы? (Панасенко, 2020)

Deepfake Стэнфорд университетинин студенти Ян Гудфеллоу тарабынан 2014-жылы жасалма интеллект иштеп чыгуучулар үчүн ойлоп табылган. Бирок технология окумуштуулардын тар чөйрөсүнөн тез эле сыртка тарап кетти. Азыр ал массалык түрдө колдонулууда: архитектурадан тартып журналистикага чейин. (iSpring, 2021)

Deepfake (англ. deep learning — «терең билим алуу» жана fake — «жасалма») — жасалма интеллекттин жардамы менен аудио жана видео материалдар аркылуу чындыктан айырмаланбай турган манипуляция. Бул технология адам эч качан айтпаган сөздү айттырат, эч качан жасабаган нерсесин жасаттырат. Deepfake технологияларынын тамыры токсонунчу жылдарга кетет. Ал убакта мындай инструменттерге кино тармагындагы атайын эффекттер боюнча эксперттер гана ээ болчу. Натыйжада технология интернет-коомчулугунда андан ары иштелип чыгып жана дипфейк жасоо үчүн программалык камсыздоолор ачык колдонууга чыкты. Соңку убактарда Deepfake технологиясы финансылык махинацияларда, утуштарды ойнотууда жана жасалма жаңылыктарда (fake news) колдонулганына байланыштуу ага көп көңүл бурула баштады.

Deepfake адамдын келбетин синтездөө үчүн жасалма интеллектти колдонот: адамдын ар кандай ракурста жана ар кандай жүз келбети менен тартылган бир нече сүрөтүн алат да, алардан видеоагым жасап чыгат. Сүрөттөрдү анализдеп чыккандан кийин атайын алгоритм ал адам кандай көрүнушү мүмкүн, кандай кыймылдашы мүмкүн экенин үйрөнүп алат. Бул убакта эки нейрондук байланыш иштейт. Биринчиси сүрөттөрдү өндүрүп берет, экинчиси болсо алардын чыныгы үлгүлөрдөн айырмасын табууга жооп берет. Эгер экинчи нейрондук байланыштар жасалма болуп калганын аныктап чыкса, ал сүрөт кайра биринчи нейрондук тармакка жакшыртууга жөнөтүлөт.

 

Булагы: 

iSpring, Б. (29 апрель 2021-ж.). Эйнштейн тренердин ордуна: дипфейк деген эмне жана билим алууда эмне үчүн бул трендке айланган? iSpring сайтынан алынды: https://www.ispring.ru/elearning-insights/dipfejk

Панасенко, А. (8 апрель 2020-ж.). anti-malware. anti-malware сайтынан алынды: https://www.anti-malware.ru/analytics/Threats_Analysis/Deepfakes-as-a-information-security-threat 







 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.