Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалыматтык көбүк

05.05.2021 • 04:58

Социалдык платформалар жана издөө системалары биздин тармактагы иш-аракеттерибизге көз салып тураарын сен буга чейин билгенсиң, мындай байкоо салуу сервистин ичинде да, андан сырткары да ишке ашат.  Лайктар, репосттор, көргөндөрүбүз, баскандарыбыз, издөө салгандарыбыз, ачкан баракчаларыбыз – мунун баары эске алынат. Мисалы, Фейсбук бизге лентаны хронологиялык тартипте эмес, биздин каалоолорубузга жараша иргеп берет. Башкача айтканда, «маалыматтык көбүк» жасалат – бул бизге жаккан маалыматты гана көрсөткөн атайын канал сыяктуу. Мындай жол менен биз өзүбүзгө ыңгайлуу жана түшунүктүү, бирок өтө тар дүйнө картинасына ээ болобуз. Бул биздин мээбизи үчун жылуу ванна сыяктуу! Ойлонуп кереги жок, анализдеп, факт менен пикирлерди салыштырып, бүтүм чыгарып, сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруунун зарылдыгы болбойт.  

Эмне кылуу керек?

Маалыматты жекече иргөө функциясын өчүрүп, интернетте өзүңдү купуя алып жүр! 

Кантип?

Мисалы, Google-га кирип, учеттук катталуудан бардык байкоо салынчу активдүүлүктөрүңдү өчүр. Yandex – «Жөндөөлөрүнө» кирип, «Менин издөө натыйжаларымдын таржымалын эске алуу» деген белгини алып сал.

Деперсонализация боюнча да сервистер бар: Ghostery – изиңе байкоо салган системаларды таап, аларга блок коет, жана ошондой эле рекламаны өчүрөт. Disconnect – так эле ошондой, бирок рекламага блок койбойт. 

Facebook-та болсо каптал жагындагы «Жаңылыктар лентасын» басып, «Эң жаңылары» деген жерге белги коюп койгула. «ВКонтакте» – оң тараптагы панелде «Алгач кызыктуулары» деген функцияны өчүруп коюш керек. Ананда дагы, сен макул болбогон булактарды да кошуп, маалыматтын ар түрдүүлүгүнө жетишүүгө болот. 

 

Булактар:

Маалыматтык көбүк деген эмне жана андан кантип чыгуу керек, шилтемеси https://4brain.ru/blog/information-bubble/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.