Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалыматтык ызы-чуулар жана толкундар

30.04.2021 • 04:55

Маалымат бизге ар тараптан тынымсыз келип турат, ар түрдүү булактардан, мүнөт сайын. Биз Фейсбуктагы же Инстаграмдагы жаңылыкты окуйбуз, жаңылыктар лентасын сыдырып туш келгендин баарын карап чыгабыз, телевизор көрөбүз, радио угабыз, журнал окуйбуз, сырткы жарнактарды окуйбуз, баарлашабыз. Натыйжада биз чоң көлөмдөгү иргелбеген маалыматка ээ болобуз. Бул «маалыматтык ызы-чуу» деп аталат! Мындай агымда маалыматты сиңирүү, анализдөө, маанилүүсүн бөлүп алуу кыйын. «Маалыматтык ызы-чуунун» кооптуулугу мына ушунда жатат – бир окуянын айланасында ал туурасында өтө көп билдирүүлөр жасалат, аларда факт аз камтылган, көбүнчөсү пикирлер, божомолдор, аларга карата комментарийлер, реалдуу фактылар менен ойдон чыгарылган, фейктердин симбиозу. Адам маалыматты анализдегиси, кабылдагысы келбей калат, ал жөнөкөй маалыматтык агымга көнүп калат, терең маңызына сүңгүбөйт («диагоналынан окуу»).

Чуулгандуу, көңүл бурдурган окуялар туурасындагы жаңылыктардын кыска мөөнөттүн ичинде маалыматтык мейкиндикти ээлеп алышы «маалыматтык толкундар» деп аталат. Алар бир нече күндүн ичинде чындап эле көптөгөн орчундуу окуялар орун алган реалдуу кырдаалдын натыйжасы да болушу мүмкүн, бирок көп учурда бул жасалма көрүнүш. Адатта, маалыматтык толкундар медиалык топтор тарабынан бул же тигил темага көңүл бурдуруу же тескерисинче, бир окуядан, көрүнүштөн, адамдан көңүлдү башкага буруп кетүү максатында жасалат (мисалы бир чыр-чатактуу окуя болсо). Б. а. малыматтык шылтоонун (окуянын) айланасында суудагы айлампа сыяктуу медиа цитаталар, баа берүү, интерпретация, башка кызытуучу медиа эффекттер колдонулат. Маалыматтык толкундар таркатуу формасы, мүнөзү жагынан ар түрдүү болот. 

Булактар:

«MediaNet» эл аралык журналистика борбору» КФ, 2021. «Медиа жана маалыматтык сабаттуулук» окуу китепчеси

Маалыматтык ызы-чуу деген эмне жана аны менен кантип күрөшүү керек, Е.Кнутов, шилтемеси https://lifehacker.ru/informatsionnyj-shum/ 

Болотнов А.В., 2015. Маалыматтык толкундар жана заманбап медиадискурсатагы алардын типтери: көйгөйдү аныктоо, Вестник ТГПУ. №6 (159)

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.